Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын Жаз-Кечүү аймактык башкармалыгына цемент заводу курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ишкана кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен бирге курулмакчы. Тиешелүү меморандумга күн мурун Кытайдын Цзянсу провинциясынан келген Chengyuan Port Group компаниясынын жетекчилиги менен бирге кол коюлду.
Жолугушууга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышып, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Мындагы завод жылына 1 млн тонна цемент чыгаруу кубаттуулугуна ээ болуп, алгач анда чалгындоо жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аракеттери көрүлмөкчү. Алдыдагы убакытта келишим түзүлүп, 2025-жылы жумуш баштоо пландалды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/