Кара-Сууда бир нече жаранды алдап кеткен шектүү кармалды – ИА Караван Инфо
Кара-Сууда бир нече жаранды алдап кеткен шектүү кармалды

Кара-Сууда бир нече жаранды алдап кеткен шектүү кармалды, деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 8-январда милицияга Кара-Суу районунун 1968-жылы туулган М.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Анда арыз ээси 2025-жылдын 8-январында өз унаасы менен Ош шаарынан Кара-Суу базарына жеткирип келген аты жөнү белгисиз кардары “Samsung S 91” уюлдук телефонун сурап алып, айдоочу багажникти ачуу үчүн кеткенде уюлдук телефонун алып кетип калгандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган М.А. аттуу жаран (мурда соттолгон) шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүү М. А.нын үстүнөн ушул сыяктуу 5 факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: