Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Бахауддин Накшбанди мемориалдык комплексине барышты – ИА Караван Инфо
Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Бахауддин Накшбанди мемориалдык комплексине барышты

Казакстан президентинин Өзбекстанга жумушчу сапары Бухарадагы Бахауддин Накшбандинин күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталды.

Мамлекет башчылары медреседен, эки мечиттен жана бир мунарадан турган мемориалдык комплексти кыдырып чыгышты. Президенттердин катышуусунда Куран аяттары окулуп, эки боордош элдин ортосундагы тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн дубалар кылынды. Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев мемориалдык комплекске келгендер менен жылуу маек куруп, сүрөткө түшүштү.

Накшбанди суфий тариатынын негиздөөчүсү Бахауддин Накшбандинин сөөгү коюлган күмбөз 16-кылымда курулган.

Мемориалда 19-кылымдагы кол жазма Куран, анык тарыхый документтер, китептер жана башка баалуу артефакттар сакталган музей жайгашкан.

Булак: IA ХАБАР

error: