
Суу ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөштү күчөтүү үчүн Казакстандын Суу чарба жана ирригация министрлиги жаңы мекеме – Суу ресурстарын жөнгө салуу, коргоо жана пайдалануу комитетин түздү. Бул чечим суунун “кара рыногуна” жана өлкөнүн суу объектилериндеги мыйзамсыз чарбалык иштерге каршы күрөшүүгө багытталган.
Жаңы комитетке сууну мыйзамсыз пайдалануу жана сууну эсепке алуу маалыматтарын бурмалоо фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле суу объектилеринде чарбалык иштерди жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө милдети жүктөлөт. Ведомствонун негизги максаты – кылмыштуулуктун алдын алуу жана Казакстандын суу ресурстарын коргоо.
Суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов министрлик тарабынан сууну мыйзамсыз пайдалануу менен күрөшүү өзгөчө көзөмөлгө алынып жатканын билдирди. Ал ошондой эле жаңы комитеттин иши мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен бирге суунун “кара рыногуна” каршы күрөштү олуттуу түрдө күчөтүп, өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жана коргоону камсыз кылууга тийиш экенин белгиледи.