Казакстан менен АКШ суу тармагындагы кызматташууну талкуулашты
Казакстандын Суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов АКШнын Казакстандагы элчиси жана USAIDдин өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар суу ресурстары тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Казак тарап АКШнын Геологиялык кызматы менен жер астындагы сууларды чалгындоо жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле суу чарба тармагындагы казакстандык адистердин квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.
Сүрөттө: республиканын суу чарба жана ирригация министерствосу