Астана, 2026-жылдын 10-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделлати менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Кошербаев чыңалууну басаңдатуунун жана талаштуу маселелерди эл аралык укуктун алкагында саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Министрлер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Абделати Египет чет элдик туристтер үчүн коопсуз бойдон кала берерине ишендирди. Ал Египет бийлиги бул максатта бардык зарыл чараларды көрүп жатканын айтты.
Маектештер эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги сапарлар алмашууну күчөтүү жана тышкы саясат ведомстволорунун ортосундагы үзгүлтүксүз диалогду улантуу жөнүндө макулдашышты.
Сүрөт : Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
