БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 5-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстан менен Пакистан биргелешкен билдирүүсүндө Ооганстандагы туруктуулук жана коопсуздук аймактык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги мааниге ээ экенин баса белгилешти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Исламабадга сапарынан кийин жарыяланган документте эки өлкөнүн лидерлери аймактык транзиттик жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө болгон бекем саясий милдеттенмелерин кайрадан ырасташканы белгиленет.
Ошондой эле, Өзбекстан менен Пакистандын ортосундагы Трансафган темир жолу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоо боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланды.
Биргелешкен билдирүүгө ылайык, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Казакстандын президенти көп тараптуу эл аралык транспорттук коридорлорду, анын ичинде Транс-Афган каттамы аркылуу, ошондой эле Казакстан-Кыргызстан-Кытай-Пакистан каттамы боюнча андан ары чыңдоону колдошту.
Шахбаз Шариф президент Токаевдин Борбордук жана Түштүк Азияны Транс-Афган темир жол коридору аркылуу байланыштыруу демилгесин жогору баалады.
Пакистан өкмөтүнүн билдирүүсүндө тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ооганстандагы кырдаалды да талкуулашканы айтылат. Эки лидер аймактык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бул өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук абдан маанилүү экенин баса белгилешти.
Документте Ооганстандын аймактык экономикалык процесстерге жана байланыш жаатындагы инфраструктуралык долбоорлорго кошулушу ооган элинин гана эмес, бүтүндөй аймактын кызыкчылыгына жооп берери, туруктуу өнүгүүгө жана узак мөөнөттүү туруктуулукка салым кошору баса белгиленет.
Шахбаз Шариф ошондой эле Пакистан Казакстанга өзүнүн транзиттик инфраструктурасына жана деңиз портторуна толук мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.
Пакистандын премьер-министри эки өлкөнүн ортосунда энергетика тармагында кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана биргелешип иштөө өз ара пайда алып келерин кошумчалады.
Мындан тышкары, анын айтымында, маданият жана маалымат чөйрөсүндө олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар, анда тараптар келечекте биргелешкен маанилүү долбоорлорду ишке ашыра алышат.
Сүрөт: Акордонун басма сөз кызматы
