Казакстандын Россиядагы элчиси Д.Абаев Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын (ТПП) Президенти С. Катырин менен жолугушту. Талкуунун жүрүшүндө негизги көңүл өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү арттырууга бурулду. Д.Абаев Казакстандын транспорттук-логистикалык секторунун олуттуу мүмкүнчүлүктөрүн жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган аракеттерин баса белгиледи. Ошондой эле ал Казакстан Өкмөтүнө караштуу Инвестициялык штабдын чет элдик инвесторлорду колдоодогу ролун белгиледи.

С.Катырин өз кезегинде Россиянын 70тен ашык аймактык палаталары Казакстан менен биргелешкен ишкердик жана өнөр жай демилгелерине активдүү катышып жатканын, бул аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында, атап айтканда, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган финансылык колдоо механизмдерин тартуу менен мүмкүн болгон долбоорлорду талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашылды, бул катышуучулардын пикири боюнча Казакстан менен Россиянын бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө мүмкүндүк берет.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги