Казакстан Түндүк Аралды сактоого багытталган демилгелерди өнүктүрүүнү улантууда – ИА Караван Инфо
Казакстан Түндүк Аралды сактоого багытталган демилгелерди өнүктүрүүнү улантууда

Казакстандын Суу чарба жана ирригация министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте Түндүк Аралды сактап калуу боюнча долбоордун экинчи фазасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Нуржан Нуржигитов Кызылорда облусунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Учурда Дүйнөлүк банктын грантынын эсебинен долбоорго керектүү документтер иштелип чыгууда.

Долбоор үч негизги компонентти камтыйт:

• Түндүк Арал деңизинин жана Сырдария дарыясынын дельтасынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана гидрологиялык абалын жакшыртуу.

•  Кызылорда облысына туруктуу экономикалык, социалдык жана экологиялык жактан колдоо көрсөтүү.

  • Маалыматтык базаны жана суу чарба ресурстарынын  системаларын башкарууну жаңылоо.

Нуржан Нуржигитов белгилегендей, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун натыйжасында Көкарал дамбасы курулуп, Түндүк Аралдагы суунун көлөмү 27,1 миллиард куб метрге жеткен. Экинчи фаза суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга, балык чарбасын жана экотуризмди өнүктүрүүгө, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, Түндүк Арал деңизинде сууну сактоонун көлөмүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Сүрөт: республиканын суу чарба жана ирригация министерствосу

error: