Казакстандын өкмөтүнөн алынган маалымат боюнча, «Түндүк-Түштүк» Эл аралык транспорт коридорунун чыгыш багытынын кубаттуулугун 2027-жылга карата жылына 10 миллион тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри Серик Жумангарин биринчи «Түндүк-Түштүк» транспорттук соода жана экспорт форумунун ачылышында билдирди.

С.Жумангариндин билдирүүсүнө ылайык, «Түндүк-Түштүк» транспорт коридорунун Казакстан аркылуу өтүүчү чыгыш багытынын учурдагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 6 миллион тоннаны түзөт. Белгиленген көлөм планына жетишүү үчүн 1,9 миллиард доллар инвестициялоо пландалууда. Каражаттын бир бөлүгү Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлор үчүн тартылат.

Түндүк-Түштүк транспорт коридорун өнүктүрүү үчүн Казакстан буга чейин Иран, Түркмөнстан жана Орусия менен коридордун чыгыш жолун синхрондуу түрдө 2024-2025-жылдарга өнүктүрүү максатында жол картасына кол койгону белгиленген. Бул планды ишке ашыруу 2027-жылга чейин коридордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 15 миллион тоннага, ал эми 2030-жылга чейин 20 миллион тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Премьер-министринин расмий маалымат ресурсу