Казакстанда коомдук транспортто жол кире кымбаттап жатат – ИА Караван Инфо
Казакстанда коомдук транспортто жол кире кымбаттап жатат

Алматынын акимиаты август айында автобус, троллейбус жана метродо жол кире 120 теңгеге чейин көтөрүлөрүн билдирди. Жол кире акысын накталай төлөө мүмкүнчүлүгү жоюлат, бул бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, транспорттун коопсуздугун жогорулатат, анткени айдоочулар билет сатып алагды кылбайт.

Шаардык маслихаттын депутаттары тарифтердин көтөрүлүшүн транспорттук тарифтерге караганда тез өсүп жаткан дотацияны кыскартуу зарылчылыгы менен негиздешти. Унөмдөлгөн 7 миллиард теңгени калктын айрым категориялары үчүн жеңилдетилген тарифтерге жумшоо пландаштырылууда.

Эске сала кетсек, Астанада 1-августтан тарта коомдук транспортто жол кире баасы буга чейин 90 теңгеден 110 теңгеге көтөрүлгөн.

Сүрөт: “Караван инфо” маалымат агенттиги

error: