Казакстанда Жаштар күнүнө карата 256 тонна таштанды жыйналды
Жаштар күнүнө арналган Улуттук декада «Таза Казакстан» экологиялык кампаниясы менен башталды. Акцияга өлкө боюнча 13500 активист катышып, алар сейил бактарды, дарыя жана көл жээктерин, ошондой эле тарыхый-маданий объектилердин аймактарын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жаштар биргеликте 600 гектарга жакын аянтты тазалап, 256 тонна таштанды чогултушту. Атырау облусунда катышуучулар 3 миңдей балык чабактарын сактап, Урал дарыясына коё беришти.
Быйыл Казакстанда Жаштар күнү он күн белгиленип, декаданын ар бир күнү өзүнүн темасына ээ. 4-август өзүн-өзү өнүктүрүүгө, лидерликке жана кесиптик өнүгүүгө мотивацияга арналган.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги