Казакстандын чек арачылары 8 көмүскө казинону токтотушту – ИА Караван Инфо
Казакстандын чек арачылары 8 көмүскө казинону токтотушту

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлери жана чек арачылары Финансылык мониторинг агенттиги менен биргеликте “Хоргос” ЭКБКнын казак бөлүгүндөгү 8 жашыруун казинонун ишмердүүлүгүн токтотушту. 2024-жылдын июль айынын аягында бул ишке катыштыгы бар деген шек менен 32 чет элдик жана 6 Казакстандын жараны кармалган.

Тинтүү учурунда оюн автоматтары, столдор, кумар оюндарын уюштурууга арналган техникалык жабдуулар жана ири өлчөмдөгү акча каражаты алынган. Экономикалык иликтөөнүн Жетисуу району боюнча башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесине ылайык, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Жазык-процесстик кодексинин 201-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык башка маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт.Сүрөт: Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети

error: