Риддердеги «Казцинкмаш» машина жасоочу ишканада Казакстандын үч алдыңкы тоо-металлургиялык компаниясынын – «Казцинк», «Казахмыс» жана ERG жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Тармак жетекчилери импортту алмаштыруу жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Сүрөт: «Казахмыс Корпорациясы» ЖШС
Жолугушууга Риддердеги өнөр жай комбинаты кокусунан тандалып алынган эмес. Акыркы 25 жылдын ичинде «Казцинкмаш» Казакстандын машина куруу тармагынын лидерлеринин бирине айланды, казакстандык камтууну жана импортту алмаштырууну ийгиликтүү өнүктүрүүнүн үлгүсү болуп калды. Техникалык жактан кайра жабдуунун аркасында ишкана азыр ар кандай татаалдыктагы жабдууларды тузө алат.
«Казцинк» ишканасынын башкы директору Жанат Жанботин өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү жана кызматташуу багыттары тууралуу айтып берди. «Казакмыс» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Нурахмет Нуриев менен Евразиялык топтун башкы директору Серик Шахажанов атамекендик материалдарга жана жабдууларга өтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Ушундай эле ишкана “Казакмыс” компаниялар тобунда Караганды куюучу-машина куруу заводу темпин күчөтүп жатат, алсак флотациялык жабдууларды, майдалоочу жана конвейердик агрегаттарды, ошондой эле профессионалдык тетиктерди жана жабдууларды чыгарууда.
ERG (ERG Service) машина куруу активи жыл сайын тоо-кен, металлургия жана энергетика тармактары үчүн миңдеген продукцияны, анын ичинде технологиялык жана жүк көтөрүүчү жабдууларды, атайын максаттагы крандарды, ошондой эле үзгүлтүксүз куюлган дайындамаларды, майда секцияларды жана майдалоочу шариктерди чыгарат.
Жолугушуунун катышуучулары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү казакстандык аналогдорго алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талдоо боюнча макулдашышты. Компаниялардын ортосунда тажрыйба алмашуу бул пландарды ийгиликтүү ишке ашыруунун ачкычы болушу мүмкүн.
Жанат Жанботин белгилегендей: «Казцинк өз өндүрүшүн өнүктүрүп, 20 жылдан ашык убакыттан бери казакстандык өндүрүүчүлөргө артыкчылык берип келет. Бүгүн биз казакстандык компаниялардын күч-аракеттерин бириктирүү боюнча эбегейсиз зор потенциалды көрдүк. Биздин инженердик ресурстарды жана тажрыйбаны бириктируу өнөр жайлык кайра иштетүүнүн жогорку деңгээлинде өндүрүштүн өсүшүн камсыз кылат».
Тоо-кен жана металлургиялык компаниялардын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу Астанада өтүп, анда импортту алмаштыруу жана машина курууну өнүктүрүү багытындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылат.