2024-жылдын 9-июлунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев менен жолугушту.
Жыйындын негизги темасы XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына даярдыктарды талкуулоо болду. Министр оюндарга даярдыктын жүрүшү тууралуу отчет берип, өлкө башчыга лицензиялык мелдештерге ата мекендик спортчулардын катышуусунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Казакстандын курама командасы спорттун 25 түрү боюнча 92 лицензия алды. Париждеги Олимпиадага 80 спортчу барышы керек.
Туризм жана спорт министри курама команданын олимпиада алдындагы машыгуулары жана спортчуларды колдоо чаралары тууралуу айтып берди. Спортту башкаруу институттарын жакшыртуу боюнча иштер өзүнчө талкууланды.
Казакстандын президенти Олимпиада оюндары спортчуларга чоң жоопкерчилик жүктөөрүн белгилеп, Казакстан курама командасы маданияттын, өжөрлүктүн жана кесипкөйлүктүн үлгүсү болууга тийиш экенин баса белгиледи.
Фото: Казакстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы