Президент Касым-Жомарт Токаев Жасалма интеллект жана акылдуу технологиялар жаатындагы прогрессти талкуулоо үчүн G42 компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Пен Сяо менен жолугушту. Жолугушууда президент Казакстанда жасалма интелекти (ЖИ) өнүктүрүү боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар алдыңкы технологияларды колдонуу менен жашоочулардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган “Акылдуу шаар” (Smart City), системасын киргизүү келечегин карашты. Бул долбоор шаардын инфраструктурасын өркүндөтө турган, шаарды башкарууну натыйжалуу кыла турган жана экологиялык жана социалдык маселелерди чечүүгө жардам бере турган технологиялык чечимдерди киргизүүнү камтыйт.

Ошондой эле G42 компаниясы менен кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн, өзгөчө инновациялык технологиялар жана Казакстандын санариптик трансформациясынын негизги элементтери боло ала турган акылдуу инфраструктураларды түзүү чөйрөсүндө мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Сүрөт: Акордонун басма сөз кызматы