Казакстанга 23 миллион теңгеге жакын тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду
3-августта «Айша биби» автокөзөмөл бекетинен УКМКнын Чек ара кызматынын Жамбыл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 30 миң пачка тамекинин ири партиясын ташып келүү токтотулду. Алар эл керектөөчү товарларды жамынып алып, коштоочу документтери жок тамеки буюмдарын алып өтүүгө аракет кылышкан. Жүк кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.
Казакстанда бир куту тамекинин минималдуу чекене баасы 770 теңге.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы