Эл аралык орус тили уюмунун штаб-квартирасы Сочиде жайгашат. Жаңы уюм орус тилин жайылтуу жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн түзүлүүдө, бирок ал КМШ менен гана чектелбейт — бардык кызыкдар мамлекеттер кошула алышат.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев мүчө өлкөлөр үчүн маанилүү бириктирүүчү долбоорго айлана турган уюмдун ишке кириши тууралуу жарыялады. Ал Эл аралык орус тили уюмунун иши тилдин статусун жогорулатууга жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошоорун баса белгиледи.
Учурда негиздөөчү өлкөлөр — Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан — уюштуруу жана техникалык маселелерди чечип жатышат. Туруктуу катчылык түзүлгөнгө чейин анын функцияларын Россиянын Тышкы иштер министрлиги аткарат. Уюмдун жогорку органы Министрлер конференциясы болот, ага негиздөөчү мамлекеттердин тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери кирет.
Уюмду түзүү демилгеси Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге таандык (2022) жана аны түзүү келишимине КМШнын мамлекет башчылары тарабынан 2023-жылдын 13-октябрында Бишкекте кол коюлган. Орусиянын президенти Владимир Путин штаб-квартираны Сочиде жайгаштырууну сунуштап, жаңы түзүмдүн тез арада ишке киришине үмүтүн билдирген.
Эске сала кетсек, кечээ, 2026-жылдын 19-январында, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин желегинин жана гербинин расмий түрдө кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленди. Акыркы отуз жылда бул символдор КМШнын бардык иш-чараларынын ажырагыс бөлүгүнө жана мамлекеттер аралык кызматташтыктын таанымал белгисине айланды.

