Бишкекте Тилекмат аке фонду уюштурган тегерек стол бул кеңештин ишине нааразы болгон катышуучулардын башын бириктирди.
Фонддун лидери Тилек Усупов ККИКтин башкы катчысы кызматын аркалап жаткан Нурипа Муканова кеңештин ишинин эффективдүү эместигинен улам өз ордун башка активисттерге бериши керек деп эсептейт.

Чогулгандардын айтымында, ККИКтин мүчөлөрүнүн иш-аракеттери коррупция менен күрөшүү идеясын жокко чыгарат, анткени алар көп учурда натыйжасыз жыйындарды өткөрүп, андан кийин коррупция менен күрөшүү боюнча «оптимисттик отчеттор» гана пайда болот.
«ККИК тарабынан иштелип чыккан коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия өтө жалпы жана бүдөмүк, бул кызмат адамдарына коррупцияга каршы чараларды ишке ашырбоого мүмкүндүк берет. Бул президенттин реформаларын саботажга алып келип, деструктивдүү күчтөргө коркунуч жаратат», — деп айтылат резолюцияда.
Активисттер КР президенти Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ККИКти жоюу, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикти калыбына келтирүү жана коомчулукту көбүрөөк тартуу өтүнүчү менен, жаңы демилгелер менен токтомдун текстин сунуштоо ниетинде.
Өз кезегинде Нурипа Муканова коомдук активисттер «коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып, мындан да көп коррупцияны жараткысы келет» деген оюн айтты.
Ошол эле учурда ал ККИКтин сертификаттарын сатып алган активисттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик мекемелерди, мамлекеттик ишканаларды, мектептерди уруксатсыз текшерүүгө алып, сот бийлигине кысым көрсөткөнүн айтып өттү.
Сүрөт: Кечки Бишкек