КРнын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Темир Сариев Кыргызстан Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Медер Темирбеков менен жолугушту.
Аталган уюмдан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бирге мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өнөктөштүктүн бир нече негизги пункттарын камтыган меморандумга кол коюлду.
Тараптар бизнести биргелешип колдоо, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү, ошондой эле тиешелүү маалыматтарды берүү жана алмашуу боюнча макулдашышты.
Мамлекеттик банктын өкүлдөрү ишкерлерди банктын артыкчылыктары менен тааныштырып, ишкерлер бизнести эффективдүү жүргүзүү үчүн пайдалана ала турган артыкчылыктарды белгилешти.
Манба: сайт https://caravan-info.kg/