КР ТИМ башчысы Азербайжандын элчисин кабыл алды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Азербайжандын элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун алкагындагы өзгөчө көңүл Кыргызстан тарабынан сунушталып жаткан тоо демилгелери жана аларды дүйнөлүк климат күн тартибинде, айрыкча Бакуда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 29-конференциясына (COP29) даярдык көрүү алкагында илгерилетүүгө бурулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/