КР ТИМдин Консулдук департаментинин күнү-түнү иштей турган борбору ишке кирди – ИА Караван Инфо
КР ТИМдин Консулдук департаментинин күнү-түнү иштей турган борбору ишке кирди

Устүбүздөгү жылдын 17-декабрында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргоо максатында, жарандар менен ыңгайлуу жана жеткиликтүү байланыш түзүү үчүн жарандардын кайрылууларын кароо боюнча  күнү-түнү иштей турган Борбордун (мындан ары – Борбор) ишке киргенин жарыялайт.

Бул Борбор аркылуу консулдук кызматтардын кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде төмөнкү багыттардагы тиешелүү маалыматтарды ала алышат:

Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өздүк документтерини жоготкон учурда, укук коргоо органдары тарабынан кармалган же консулдук-укуктук маселелер боюнча башка кырдаалдарда «ыкчам байланыш» телефон аркылуу онлайн-консультациялык жардам көрсөтүшөт.

Жардам алуу үчүн +996 999 312 002 номерине WhatsApp же e-consul.gov.kg сайты, ошондой эле Facebook, Instagram, WhatsApp, Telegram социалдык тармактары  аркылуу кайрылууга болот.

Бардык кайрылуулар кыска мөөнөттө каралып, зарыл болгон учурда, андан ары көмөк/консультация көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине жана консулдук мекемелерине же Министрликтин жооптуу кызматкерлерине багытталат.

Бул Борбордун ишке кириши Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой элк чет элдик жарандар үчүн консулдук-укуктук, виза маселелери боюнча кеңеш алууну кыйла жеңилдетет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: