Красноярск шаарында өткөн Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 25-жыйынынын жыйынтыгы – ИА Караван Инфо
Красноярск шаарында өткөн Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 25-жыйынынын жыйынтыгы

Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук төрагалык кылышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, товар жүгүртүүнү жогорулатуу, инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана биргелешкен ишканалардын иштеши, ошондой эле өнөр жай, айыл чарба жана энергетика тармактарында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, жыйындын күн тартибинде илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, транспорт, гуманитардык байланыштарды, анын ичинде билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо, туризмди кеңейтүү маселелери камтылган.

«Кыргызстан менен Россия достуктун жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн бай тарыхына ээ. Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы стратегиялык мамилелерибизди чыңдоого чоң салым кошот деп ишенебиз. Өткөн жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 3 миллиард долларга жетип, 2024-жылдын төрт айында 30% өсүү менен миллиарддан ашты. 5 миллиард доллар деген максатты эки өлкөнүн лидерлери алдыга койгон, биз ага ырааттуу гана кадам таштай алабыз”,-деди А.Жапаров.

Жеңил өнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташууга токтолуп, министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле «Кыргызстандын текстиль жана тигүү өнөр жайын эл аралык рыноктордо, анын ичинде Wildberry жана «Озон» базарлары аркылуу туруктуу өнүктүрүүгө жана татыктуу атаандаштыкка жол ачкан деңгээлге жеткирүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгиледи.»

Акылбек Жапаров соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруп, бул процесске эки өлкөнүн министрликтердин жана ведомстволордун алдындагы уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле   «Кыргыз Экспорт», Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору «Инфоком», «Кыргыз индустрия» ААК, «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК, Жашыл энергетика фонду  сыяктуу мамлекеттик ишканаларын тартуу зарылдыгын белгиледи.

«Кыргызстандын каржы сектору туруктуу өнүгүүнү көрсөтөт – ал көп сандагы финансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле банктык жана финансылык продуктылардын кеңири спектри менен көрсөтүлгөн. Финансы секторун модернизациялоого жана улуттук валюталар менен эсептешүү үлүшүн көбөйтүүгө тараптардын умтулууларын эске алуу менен мен Россиянын Сбербанк, ВТБ, Внешэкономбанк жана Газпромбанк тобу сыяктуу ири мамлекеттик банктары Кыргызстандын каржы рыногуна катышуу үчүн маанилүү деп эсептейм. Атап айтканда, россиялык банктардын Кыргызстанда филиалдарын ачуу боюнча», – деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: