Кутнаева: 2024-жылы 1,4 миң соцобъект интернетке кошулду
2024-жылы 3500 чакырым оптикалык байланыш тартылып, 1432 социалдык объект интернетке кошулду. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева узап бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, быйыл Мамлекеттик маалымат иштеп чыгуу борбору ишке кирди.
“”Түндүк” тиркемесинде 170дон ашуун онлайн кызматтар иштейт, 16 млн маалымкат жүктөлдү, пенсиялык күбөлүк, жеке ишкердик жана билим берүү жөнүндөгү күбөлүктөр санариптештирилди, 100 миң ID-карта алмаштырылды, бюрократия кыскарып, 1 млрд сом үнөмдөлдү, ымыркайларды 100% каттоо долбоору ишке ашырылды, ТМШ форуму өттү, Кыргызстан БУУнун комитетине төрага болду”, – деди ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/