Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин отуруму өттү – ИА Караван Инфо
Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин отуруму өттү

Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде 24-декабрда КФБнын Аткаруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

КФБдан кабарлашкандай, жолугушуу аралаш форматта орун алып, айрым мүчөлөр онлайн режиминде катышты.

Жыйындын алкагында күн тартибине киргизилген маселелер каралып, анын ичинде 2024-жылкы спорттук сезондун жыйынтыгын бекитүү, андан сырткары, алгачкы Борбор Азиянын клубдук турнирине – CAFA SILK WAY CUP 2025ге катышууга Кыргыз Республикасынын футбол клубдарын көрсөтүү механизмин кароо жана бекитүү болду.

Белгилей кетсек, турнирге Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын клубдары да катышат.

Турнир борборлоштурулган форматта 2025-жылдын апрелинин аягынан майдын башына чейин өтөт.

Кошумчалай кетсек, Премьер-Лиганын катышуучуларынын курамы бекитилди. Белгилүү болгондой, алардын саны 14кө чейин көбөйөт.

КФБнын коллегиалдуу органы ошондой эле КФБнын футбол клубдарын лицензиялоо жөнүндө жобосун, балдар жана өспүрүмдөр командаларынын арасында футзал боюнча Кыргызстандын чемпионаттарынын жобосун жана КФБнын 2024-жылга бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: