Кыргыз Республикасы Гвинея-Бисау Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди түздү
2025-жылдын 6-февралында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасы менен Гвинея-Бисау Республикасы ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи болуп өттү.
Биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Гвинея-Бисау Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Самба Санэ кол коюшту.
Биргелешкен коммюнике ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кол коюу аземинен кийин тараптар БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө биргелешкен ниетин билдиришти, ошондой эле шайлануучу органдарга талапкерлерди өз ара колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/