Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маселелерди белгиледи.
Ал билдиргендей, Парламенттер аралык кеңеш кызматташтыкты өнүктүрүүнүн таасирдүү механизмдеринин бири болуп саналат, анын ишмердүүлүгү эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү узак мөөнөттүү, жемиштүү жана туруктуу нукка алып чыгууга мүмкүндүк берет. “Кыргыз тарап үчүн Казакстан Республикасы менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү негизги ролду ойнойт. Бул багыттагы кызматташтык ДСУнун макулдашууларына ылайык басмырлабоо принцибинин негизинде курулган, ошондой эле ЕАЭБ келишиминин жана эркин соода аймагынын алкагында жүзөгө ашырылат. Алсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 1,4 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 16% га көбөйгөн. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан өз ара сооданын көлөмүн 3 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча 2030-жылга чейин милдет коюлган”, – деп белгиледи ал. Ошондой эле Данияр Толонов бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы тарабынан масштабдуу реформалар жана түзүмдүк өзгөрүүлөр, анын ичинде бизнести өнүктүрүү жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган жана жыйынтыгында өлкөнүн экспорттук жана инвестициялык потенциалын бекемдеген реформалар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Данияр Толонов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык кеңештин бүгүнкү жыйыны кыргыз-казак мамилелерине дем берет деген ишенимин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/