Кыргызстан 2024-жылдын январь-июнь айларындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукциянын көлөмү 559,7 миллиард сомду түзүп, экономиканын реалдуу өсүү темпи 2023-жылдын ушул эле көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 108,1 пайызга жетип, 102,2 пайызды түздү.
Экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалууда. Алсак, курулушта өндүрүштүн көлөмү 48,5%га, тейлөө тармагында – 7,7%га, өнөр жайда – 1,0%га, айыл чарбасында – 3,3 пайызга өскөн.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, экономикалык өсүш тейлөө жана курулуш тармагындагы көлөмдөрдүн өсүшү менен шартталган.
2024-жылдын январь айынан июнь айына чейинки мезгилде өнөр жайды өнүктүрүүгө токтолсок, ишканалар тарабынан 237,5 миллиард сомдук дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1пайызга өстү.
Тазаланган мунай продуктуларын өндүрүү 55,8%га, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишмердүүлүгүн 28,8%ке, тамак-аш азыктарын өндүрүү 17,9%ке, фармацевтика 16,6%ке, химиялык продуктуларды 14,4%га, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү 8,9%га өстү, ошондой эле текстиль өндүрүшүндө жана тигүү өндүрүшүндө – 8,6%га өскөн.
Мында металл буюмдарын өндүрүүдө 11,4%га, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда 3,7%га кыскарган.