Бүгүнкү күндө республика боюнча пробация органдарында 124 бала каттоодо турат. Бул тууралуу Пробация департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, жаш балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Ата району боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери «Уникум Кидс» мектебинин окуучуларына ачык сабак өтүштү.
5-класстан 11-класска чейинки балдар катышкан иш-чара жандуу баарлашуу форматында өттү.
Ошондой эле мектеп окуучуларына мыйзамга каршы келген балдардын тагдыры тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.
Сабакта пробация кызматкерлери окуучуларга укук бузуулардын кесепеттери, мыйзамды сактоонун маанилүүлүгү, ойлонуп чечим кабыл алуу жана айланасындагыларга урмат көрсөтүү тууралуу айтып беришти. Катышуучулар активдүү суроолорду берип, өз ойлору менен бөлүшүп, кооптуу жагдайлардан кантип сактануу керектигин талкуулашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/