Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода үйлөрүн ачуу долбоору жогорку деңгээлде талкууланды – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода үйлөрүн ачуу долбоору жогорку деңгээлде талкууланды

Июль айынын башында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстан Республикасынын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар соода-экономикалык тармакта кыргыз-өзбек кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 17-июлунда Ташкент шаарында өтүүчү кыргыз-өзбек бизнес форумуна даярдык көрүү маселелери иштелип чыкты. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы экономикалык мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Мындай иш-чаралар соода-инвестициялык байланыштарды чыңдоодо маанилүү роль ойнойт, ошондой эле тажрыйба, идеялар жана ишкердик байланыштарды алмашууга өбөлгө түзөт.

Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын Соода үйлөрүн ачуу маселеси да каралып, бул эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү үчүн маанилүү кадам болуп калат.

Сүрөт: КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

error: