27-январда Бишкекте Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Медербек Туманов менен Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвилинин жолугушуусу өттү.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, түз аба каттамдарын ачуу, туризм тармагында кызматташууну орнотуу жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча чараларды көрүүгө макулдашышканы белгиленди.
2026-жылдын 28-январы, саат 9:10:03

