Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 17-декабрда Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана бирлик мамилелеринин абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алышты.

Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын, парламенттеринин жана өкмөттөрүнүн деңгээлинде саясий жана экономикалык байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты, ошондой эле 2025-жылга пландалган эки тараптуу сапарларды жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштурууну талкуулашты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: