Ушул жумада Куала-Лумпур шаарында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев менен Малайзиянын Халал өнүктүрүү корпорациясынын (HDC) башкы директору Хайрол Ариффейн Сахари менен жолугушуу болуп өттү.
Эки өлкөнүн ортосунда халал индустриясы жаатында кызматташууну кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, продукцияны халал стандарттары боюнча сертификациялоо жана сертификаттоо боюнча органдарды аккредитациялоо маселелери талкууланды. Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик органдары үчүн Малайзиянын халал өнүктүрүү корпорациясы тарабынан уюштурулган атайын тренингдерди өткөрүүнү макулдашышты.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда халал индустриясы боюнча кызматташууну кеңейтүү халал продукциясынын стандарттарын жакшыртууга, керектөөчүлөр үчүн жогорку сапатты жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого алып келиши мүмкүн.
Халал индустриясынын лидерлеринин бири болгон Малайзиядан тажрыйба жана билим алуу бизге өз секторубузду өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт. Мамлекеттик органдар үчүн тренингдер продукциянын сапатын натыйжалуу башкарууну жана контролду камсыз кылууга жардам берет, бул узак мөөнөттүү келечекте ата мекендик өндүрүүчүлөргө керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдейт.
