2024-жылдын 17-декабрында жана 18-декабрында Австриянын Вена шаарында Борбордук Азиядагы жана Пакистандагы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Жазык сот адилеттигинин аймактык жыйыны болуп өттү.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) прокурорлору жана эл аралык эксперттер катышты.
Катышуучулар аймактагы мыйзамсыз курал-жарак аткезчилигине каршы күрөшүүдөгү негизги көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.
Жыйындын соңунда катышуучулар талкуулардын жыйынтыгын чыгарып, биргелешкен иштердин приоритеттүү кадамдарын белгилешти. Аймактык жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Пакистандын жана эл аралык коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/