Кыргызстанда 2024-жылы кыздарга жана балдарга эң популярдуу ысымдар жарыяланды – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 2024-жылы кыздарга жана балдарга эң популярдуу ысымдар жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 6 айында жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында кыздарга Салиха, балдарга Мухаммед деген ысымдар эң көп коюлган.

Эркек балдар арасында эң популярдуу 10 ысымга: Мухаммад, Умар, Али, Рамазан, Амир, Билал, Усман, Алихан, Нурислам, Мухаммад кирди.

Кыздар арасында эң популярдуу 10 ысымдын ичинде: Салиха, Фатима, Айлин, Сафия, Амина, Алия, Раяна, Айша, Хадича, Аруузат.

Жалпысынан 2024-жылдын 6 айында Кыргызстанда 66 729 бала төрөлсө, анын 33 370и кыз, 35 359у эркек балдар.

Кыргызстанда баланын төрөлүшүн каттоо үчүн эми Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө арыз берүүнү колдоно аласыз, же каалаган Калкты тейлөө борборуна же Калкты каттоо департаментинин аймактар ​​аралык бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот.

Сүрөт: MCR КР

error: