Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды

Зордук-зомбулукка каршы жыл сайын өтүүчү 16 күндүк кампанияны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова ачты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Анын айтымында, кампания коопсуз жана адилеттүү коом түзүү үчүн өкмөттүн, коомдук уюмдардын жана жарандардын күч-аракетин бириктирүүгө багытталган.

«Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан, аялдарга карата зордук-зомбулуктун жана катаал мамиленин ачыктан-ачык фактылары дагы эле бар. Эң жаманы, балдар ушундай фактыларга күбө болуп жатышат. Апаларына карата адамгерчиликсиз мамиле жана катуу зомбулук учурлары алардын жан дүйнөсүндө муундан-муунга улана турган кесепеттерди калтырат. Бүгүнкү күндө социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо, үй – бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана жайылтуу, гендердик басмырлоого жана зомбулукка каршы күрөшүү, гендердик өнүгүүнү жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүү боюнча чараларды ишке ашырууну координациялоону жана көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү”, – деди ал.

Жылдыз Полотова Кыргыз Республикасы КМШ мейкиндигинде жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи болуп Эл аралык эмгек уюмунун “Жумуш ордунда зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу жөнүндө” №190-Конвенциясын ратификациялаганын белгиледи. “Бул ар бир адамдын зордук-зомбулуктан жана куугунтуктан, анын ичинде гендердик зомбулуктан жана эзүүдөн эркин, коопсуз жана адилеттүү жумуш ордуна болгон укугун ырастоодо маанилүү кадам болду.

КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу да маанилүү чара болуп калды», – деди ал.

Министр ошондой эле коомчулукту акцияга активдүү катышууга чакырып, маселе боюнча маалымдуулукту жогорулатуу зарылдыгына басым жасады.

“Кыргыздарда “Кыздын кырк чачы улуу” деп айтылат. Бул сөздүн мазмуну өтө терең. Биз элибиздин эң жакшы жана гумандуу салттарын улантып, ар бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлашыбыз керек. Ошол эле учурда, биз бардык аракеттерибизди бириктирип, азыркы цивилизациялуу дүйнөдө зордук-зомбулукка жол бербешибиз керек.

Биз өнөктөштөрүбүздү мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу процессине активдүү катышууга чакырабыз, анын алкагында зомбулук маселелери менен түздөн-түз же кандайдыр бир жол менен өз ара байланышкан көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык долбоорлорду ишке ашырууга болот. Социалдык долбоорлорду ишке ашырууга 2025-жылы республикалык бюджеттен 115 млн.сом бөлүү пландалууда”, – деп белгиледи министр.

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве кооптондурган статистикага, анын ичинен Кыргызстанда фемицид жана үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын көбөйүшүнө токтолуп, системалуу теңсиздик жана зыяндуу нормалар маселесин чечүү үчүн жалпы коомчулуктун катышуусунда комплекстүү ык-амалдарды иштеп чыгууга жана колдонууга үндөдү.

Граве Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ратификациялоо жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамдарды күчөтүү сыяктуу акыркы саамалыктарды жогору баалап, ошону менен бирге жабыр тарткандарга отчеттуулукту жана адекваттуу колдоону камсыз кылуу үчүн реформаларды улантууга чакырды. Антье Граве маалымдуулукту жогорулатуу, туруктуу каржылоо жана зомбулукка нөлдүк сабырдуулук маданиятын өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, БУУнун бардык аялдар жана кыздар коркуу жана зыяндан эркин жашай ала турган дүйнөнү түзүүгө болгон кажыбас берилгендигин тастыктады.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон 16 күндүк кампаниянын алкагындагы аракеттер тууралуу сөз кылып, ар бир добуш маанилүү экенин жана ар бир аракет бизди теңдикке жана адамдык кадыр-баркка негизделген коомго жакындатарын эскертти. Анын айтымында, бул өнөктүк маалымдуулукту жогорулатууну гана эмес, реалдуу иш-аракеттерди да камтыйт.

“Бул жабыр тарткандардын үнүн угуу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иштөө дегенди билдирет. Биргеликте биз өзгөрүүлөрдү жасай алабыз”, – деди элчи.

Иш-чарага жарандык коом уюмдары, активисттер, эл аралык өнөктөштөр жана мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышты. Бул жылы улуттук кампания аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү аракеттерин бириктирип, зомбулукка нөлдүк сабырдуулук принцибине негизделген экосистеманы түзүүнү көздөйт.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр менен тематикалык талкуу болду. Катышуучулар топторго бөлүнүп, зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук стратегияны жакшыртуу, жабыр тарткандарды коргоону камсыз кылуу жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан “БУУ-Аялдар” түзүмү менен биргеликте уюштурулган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: