Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Борбордун аймагында сервердик жайдын курулуш-монтаждоо иштери, ошондой эле инфраструктуралык инженердик жабдууларды жеткирүү аяктоодо. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева белгилегендей, бул борбор өлкөнүн санариптик трансформациясын ишке киргизүү үчүн толук кандуу экосистеманы түзүүгө, бирдиктүү саясаттын эсебинен маалыматтык коопсуздуктун жана ишенимдүүлүктүн талаптарына шайкештигин камсыздоо менен борборлоштурулган инфраструктурага өтүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, бул долбоорду ишке ашыруу жабдууларды жана системаларды коштоо боюнча мамлекеттик органдардын профилдик эмес ишин жокко чыгаруу үчүн колдо болгон каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Буга кошумча, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун маалыматтык системаларын түзүүгө, модернизациялоого, эксплуатациялоого, колдоого бюджеттик каржылоонун олуттуу кыскаруусу болот жана жаңы системаларды жана чечимдерди киргизүүнү тездетет, ошондой эле өлкөнүн бюджетин оптималдаштырат.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мамлекеттик архивине да барды, учурда республикалык бюджеттин эсебинен жаңы имарат курулуп жатат.
Министрлер кабинетинин башчысы аталган объектилерди кыдыруунун жыйынтыгы боюнча санариптик өнүктүрүү министрлигине архивдик маалыматтарды санариптештирүү жана архив кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты