Бишкекте Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн 1969-жылы туулган А.Г.М. аттуу чет элдик жаран кармалды. Кармалган адам бир катар оор кылмыштарга шектелип, Варшаванын Интерпол улуттук борбордук бюросу тарабынан издөөдө жүргөн.
Маалыматтарга караганда, кармалган жаран Варшавада тоноо, опуза талап кылуу, баңги жана психотроптук заттарды сатуу, жасалма акча жүгүртүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, алдамчылык жана жасалма документтер менен алектенген кылмыштуу топту жетектеген.
Ошентип, кылмышкерлер мыйзамсыз жүгүртүүгө 18 килограммдан кем эмес амфетаминди, ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды, анын ичинде 16 500 даанадан кем эмес метилдиоксиметамфетамин (экстази) таблеткаларын жана 6 килограммдан ашык марихуананы, 100 злотый жасалма банкнотторун, жалпы баасы 600 000 злотыйдан кем эмес жүгүртүүгө киргизишкен. Мындан тышкары, алдамчылык банк схемасы уюштурулуп, 8000 злотый насыя алууда негизги ролду ойногон.
Кыргыз Республикасынын ИИМидин кызматкерлери А.Г. М. аттуу жаранды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн, Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/