Кыргызстанда продукцияны эл аралык стандарттар боюнча сыноо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл керектөөчү товарларды, идиштерди жана таңгактарды сыноочу Кыргызстандарттын лабораториясы өзүнүн компетенттүүлүк чөйрөсүн кеңейтип, аккредитациялык аттестат алды.
Эми лаборатория ИСО/МЭК 17025-2019 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык иш алып барганын тастыктайт.
Бул эмнеси менен пайдалуу? Аккредитациянын кеңейиши экспорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: товарларды сертификациялоо процесси жөнөкөйлөтүлүп, керектөөчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн ишенимин арттырат.
Рынокто таанылуу: Лабораториянын сыноо жыйынтыктары компанияларга продукциясынын сапатын тастыктоого жардам берет.
-Сертификацияны тездетүү: Сыноо жыйынтыктары декларацияларды каттоодо жана товарларды сертификациялоодо колдонулат.
-Ишенимдүүлүк кепилдиги: Эл аралык аккредитация лабораториянын жогорку деңгээлдеги иш алып барганын көрсөтөт.
Лаборатория заманбап жабдуулар менен жабдылган жана төмөнкү техникалык регламенттердин талаптарына ылайык сыноолорду жүргүзөт:
1. ТР/ТС 005/2011 «Таңгактын коопсуздугу жөнүндө»;
2. ТР/ТС 007/2011 «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө»;
3. ТР/ТС 008/2011 «Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө»;
4. ТР/ТС 009/2011 «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө»;
5. ТР/ТС 017/2021 «Жеңил өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги – улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүүнү колдойт, бул өлкөдө өндүрүлгөн продукциянын тышкы рынокторго чыгышына шарт түзөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/