Кыргызстанда мобилдик аппараттарды Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) милдеттүү түрдө каттоо киргизилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому 2022-жылдын май айында бекитилген, бирок ал 2024-жылдын 25-июнунда күчүнө кирген.

Эми импорттоочулар аппараттарды Кыргызстандын аймагына сатуу же башка ишкердик кылуу максатында алып келүүдө каттоодон өтүшү керек болот.
«Демилге керектөөчүлөрдүн укуктарын контрафакттык түзүлүштөрдү сатып алуудан жана колдонуудан коргоого багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптештирүү жана колдонууга умтулуусун көрсөтүү менен уюлдук байланыш кызматтарынын ачык-айкын жана коопсуз рыногун прогрессивдуу технологияларды коомдун жыргалчылыгы учун түзүүгө көмөктөшөт», — деп билдирет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.
Идентификациялоо системасын киргизүү контрафакттык жана кооптуу түзүлүштөрдүн импортун бир топ кыскартууга, ошону менен уюлдук телефондорду туура эмес пайдаланууну жана уурдоону азайтат деп күтүлүүдө.
Башкача айтканда, Кыргызстандын аймагында колдонууга коопсуз жана IMEI коду* менен катталган мыйзамдуу түрдө импорттолгон уюлдук телефондор гана сатыла алат.
Маалымат үчүн: IMEI коду – SIM-картасы бар ар бир түзүлүшкө ыйгарылган, анын идентификатору катары кызмат кылган эл аралык уникалдуу 15 орундуу номер.