Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин (Улутстатком) акыркы маалыматтары боюнча, 2024-жылдын июнь айында өлкөдө зергер буюмдарын өндүрүү 2023-жылдын июнь айына салыштырмалуу 86,6%-га кыскарган. Отчётко ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында жалпы суммасы 643,5 миң сомдук зер буюмдары өндүрүлгөн. Ал эми бир жыл мурда продукциянын көлөмү 4,8 миллион сомду түзгөн.

Бул цифралар өлкөдө зер буюмдарды чыгаруунун жыл ичинде олуттуу төмөндөп кеткендигин көрсөтөт. Маалым болгондой, 2024-жылдын биринчи жарымында өндүрүш 52,4%га кыскарып, болгону 9,9 млн сомго жеткен.
Зергерчилик сыяктуу маанилүү тармактын өндүрүшүнүн мындай катастрофалык төмөндөшү өлкөнүн экономикасы жана жумуштуулук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин адистер белгилешүүдө.