Кыргызстанда жыл башынан бери 2,5 миң ишкердик субъектиге текшерүү жүргүзүлдү – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда жыл башынан бери 2,5 миң ишкердик субъектиге текшерүү жүргүзүлдү

Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жана калктын саламаттыгын коргоо максатында, Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан 2024-жылдын 1-январынан тартып азыркы учурга чейин жазуу түрүндөгү мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген 2520 ишкердик субъектиге текшерүү жүргүзүлдү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ветеринардык-санитардык талаптарды бузуулар аныкталып, анын жыйынтыгы менен бузууларды четтетүү боюнча 300 көрсөтмө берилди.

Ошондой эле, белгиленген ветеринардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы суммасы 2 млн. 206 миң 500 сом айып салынды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: