Кыргызстан-Татарстан бизнес форумунда Татарстан Республикасынын өнөр жай жана соода министринин орун басары Лернер Герман 2023-жылы Кыргызстандан Татарстанга товардын экспорту 158,9 миллион долларга жеткенин, бул Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн продукциясына кызыгуу өткөн жылга салыштырмалуу 15%га көп экенин билдирди.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев экспорттун өсүшү тууралуу кабардын маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн кызматташуусунун келечегине көңүл бурду. Ал Татарстандын оор жана мунай химиялык өнөр жайы, ошондой эле электр энергетикасы тармагындагы ири компанияларын Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга чакырды.
Мындан тышкары, ал Кыргызстанга инвестиция тартуунун жеткиликтүү жана квалификациялуу жумушчу күчү, энергетикалык ресурстар жана инвестициялык мыйзамдар сыяктуу артыкчылыктарын белгиледи. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси соода байланыштарынын түзүлүшү эки өлкөгө өз ара пайда алып келээрине ишеним билдирди.
Темир Сариевдин айтымында, өз ара кызматташуу Кыргызстандан Татарстанга жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын, жеңил өнөр жай товарларын жана минералдык сырьену жеткирүүнүн негизи болот.
«Өз кезегинде Кыргызстан Татарстандан мунай жана химиялык өнөр жай продукцияларын, ошондой эле механикалык жана техникалык продукцияларды жеткирүүгө кызыкдар», – деп жыйынтыктады палатанын президенти.
Ошентип, Кыргызстан менен Татарстандын ортосунда тыгыз соода алакасынын түзүлүшү эки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн келечектүү келечегин билдирет.