Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди

Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, биринчи жер титирөө 29-октябрда саат 18:47де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга жеткен. Кара-Киндик айылынан 7 чакырым түштүктө, Сопу-Коргон айылынан 42 чакырым түштүк батышта чейин сезилген.

Ал эми экинчи жер титирөө 30-октябрда түнкү саат 01:35те катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен. Ананьево айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 57 чакырым түндүк батышында чейин сезилген.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: