2024-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Витебск шаарында өткөн XXXIII Эл аралык “Славян базары” искусство фестивалынын ачылышына катышты.

Иш-чараны Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко өзү ачып, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт өттү.
Фестивалга Кыргызстандан 14 жаштагы Раяна Алыбаева катышып, квалификациялык турда жеңишке жетти, ал ар кандай эл аралык жана республикалык балдардын таланты сынактарынын катышуучусу жана байге ээси.
“Славян базары” фестивалы – жыл сайын өтүүчү эл аралык искусство иш-чарасы жана 1992-жылдан бери Витебск шаарында өтүп жаткан Чыгыш Европадагы эң ири фестивалдардын бири. Фестивалда вокалдык сынак жана балдардын музыкалык конкурсу бар. Программада музыканын, театрдын, кинонун, көркөм өнөрдүн жана элдик кол өнөрчүлүктүн түрдүү жанрлары көрсөтүлөт.

Фестивалга Чыгыш Европадан, Борбор Азиядан, Африкадан жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген артисттер катышты.
Сүрөт: KABAR.kg