Кыргызстандын делегациясы АӨИЧК ТИМ кеңешинин 7-жыйынына катышты – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын делегациясы АӨИЧК ТИМ кеңешинин 7-жыйынына катышты

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин жетектеген Кыргызстандын делегациясы 17-декабрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин (АӨИЧК) Тышкы иштер министрлер кеңешинин Жетинчи жыйынына видеоконференция форматында катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

АӨИЧКдеги төрагалыкты өткөрүп берүү алкагында кыргыз делегациясынын жетекчиси Казакстандын акыркы жылдардагы Кеңешмени толук кандуу эл аралык уюмга айландырууда жетишкен ийгиликтерин жогору баалап, уюмду мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарын ишке ашырууда Азербайжанга ийгиликтерди каалады.

Өз сөзүндө Тышкы иштер министринин орун басары А. Молдогазиев Кыргызстан АӨИЧКны глобалдык чакырыктар жана дүйнөлүк тартиптин трансформациясы шартында өз ара аракеттенүү үчүн маанилүү платформа катары карай турганын билдирди. Ошондой эле туруктуулукту, коопсуздукту жана катышуучу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын экономикалык чөйрөдөгү “Соода жана инвестициялар” деген аталыштагы артыкчылыктуу багытында тең координаторлук ролун эске алуу менен, Кеңешменин алкагында соода-экономикалык жана энергетикалык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү да айтылды.

Ошондой эле Кыргызстандын климаттык күн тартиби боюнча демилгелерине, анын ичинде “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге катышуучулардын көңүлү бурулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча АӨИЧКга мүчө мамлекеттер 1999-жылдын сентябрь айында тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусунда кабыл алынган АӨИЧКга мүчө мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу Принциптер декларациясынын 25 жылдыгына арналган билдирүүнү кабыл алышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: