Кыргыз Нарында “Smart-Нарын-24” долбоорун ишке ашырып, шаарды бекер Wi-Fi тармагы менен жабуу пландаштырылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, долбоордун алкагында интернетти жайылтуу үчүн 20 түйүндү орнотуу пландалууда.
Долбоор Борбордук Азия университетинин жана «Beeline» уюлдук компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Белгиленгендей, 2024-жылдын 22-июлунда бул долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлган.

Үстүбүздөгү жылдын август айында эле Нарын шаарынын тургундары Wi-Fi тармагын бекер пайдалана алышат.
Эксперттер белгилегендей, интернеттин жеткиликтүүлүгү санариптик теңчиликке өбөлгө түзөт. Туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн шаардын жагымдуулугун арттырат, себеби алар дайыма байланышта боло алышат. Ошондой эле шаарда санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү, тиркемелерди жана технологияларды өнүктүрүүгө түрткү берет.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү