Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖКК) УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте Тажикстандан Кыргызстанга сатылган ооган баңгизатын сатуу боюнча туруктуу канал түзгөн баңги топтун ишмердүүлүгүн токтотту.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен районунун Кулунду айыл аймагына кире бериш жеринен ыкчам кызматкерлер тарабынан 2,1 кг ооган тектүү баңги заты алынган.
Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 6 айында өлкөнүн ички иштер органдары тарабынан 12,8 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60%га көп.
Эскертүү. Прекурсорлор – баңги жана психотроптук каражаттарды өндүрүүдө колдонулуучу заттар.
Тажикстанда биринчи жарым жылдыкта укук коргоо кызматкерлери 3 тоннадан ашык баңги затын кармашты, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га көп. Мындан тышкары, кармалган заттардын көлөмүнүн 44,6% Ооганстан менен чектеш Хатлон облусунан түшкөнүн Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги билдирди.
2024-жылдын биринчи жарымында Тажикстанда аткезчилик жана баңгизат ташыгандыгы үчүн кармалган чет элдик жарандардын саны эки эсеге көбөйүп, 10 адамга жетти. Ал эми бул мезгилде республиканын 528 жараны чет өлкөдө кармалган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 82 адамга аз. Белгилей кетсек, кылмышкерлердин көбү Орусияда кармалган.
Душанбеде алар Тажикстан менен Ооганстандын баңгизатка каршы күрөшүү органдарынын ортосунда эч кандай кызматташтык жок экенин, ошого жараша биргелешкен операциялар же иш-чаралар жүргүзүлбөй жатканын айтышты.
Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги