Кыргызстандын туристтик потенциалы Дохада өткөн эл аралык көргөзмөоө көрсөтүлдү – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын туристтик потенциалы Дохада өткөн эл аралык көргөзмөоө көрсөтүлдү

Кыргызстандын Катардагы элчилигинин көмөгү менен Доха шаарындагы көргөзмө борборунда “Qatar Travel Mart (QTM) 2024” эл аралык туристтик көргөзмө өттү, анда Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү. 

Көргөзмө учурунда Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана кыргыз туроператорлору өлкөнүн туристтик ресурстарынын кеңири спектрин сунуштап, башка өлкөлөрдүн туристтик компаниялары менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн “Global Village” сахнасында Кыргызстандан катышуучулар “Эсимде” аттуу кыргыз ырын жана А.Огомбаевдин “Маш ботой” аттуу чыгармасын аткарышты.

“QTM 2024” эл аралык көргөзмөсү 30дан ашык өлкө жана 70 туристтик компанияларды бириктирип, адистерге тажрыйба алмашуу жана туристтик бизнес чөйрөсүндөгү жаңы тенденцияларды талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк сунуштады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: