2024-жылдын 19-июлунда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Эл аралык комитетинин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын башчысы Анжелика Шопп менен жолугушту.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ЭКККнын ортосундагы кызматташтыктын түрдүү аспектилерин, анын ичинде эл аралык гуманитардык укук жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатындагы учурдагы долбоорлорду талкуулашты.
А.Исаев ЭКККнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ишин жогору баалап, анын аймактардагы медицина кызматкерлерин колдоодо, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда тез медициналык жардам көрсөтүүгө окутуудагы маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде А.Шопп ЭКККнын Кыргызстандагы миссиясынын келечектеги артыкчылыктары жана пландары менен тааныштырып, тараптардын гуманитардык жардам жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатындагы кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Сүрөт: КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы